Махабат

Купуялык саясаты

Тиркеме: Махабат (Android, пакет: com.chyndev.mahabat). Акыркы жаңыртуу: 2026-жылдын 7-ноябры.

1. Тиркеме жөнүндө

Махабат — 18 жаштан өткөн адамдар үчүн таанышуу жана баарлашуу тиркемеси. Иштеп чыгуучу: ChynDev (жеке иштеп чыгуучу, Кыргызстан). Бул саясат тиркеме кандай маалымат чогултканын, эмне үчүн колдонорун жана ким менен бөлүшөрүн түшүндүрөт.

2. Кандай маалымат чогулат

Биз чогултпайбыз: телефон номериңизди, электрондук почтаңызды, байланыш китепчеңизди жана так жайгашкан жериңизди (GPS).

3. Маалыматты эмне үчүн колдонобуз

Маалыматты сатпайбыз жана жарнама үчүн колдонбойбуз. Тиркемеде жарнама жок.

4. Маалымат кимге көрүнөт жана ким менен бөлүшөбүз

5. Сактоо жана өчүрүү

Маалымат профилиңиз бар болгонго чейин сакталат. Кабарды (үн кабарды да) өзүңүздөн же эки тараптан өчүрсөңүз болот (убакыт чектөөлөрү менен): эки тараптан өчүргөндө үн сервердеги жайынан да өчөт. Чалуулар тарыхын тиркемеде тазалай аласыз.

Профилиңизди жана бардык маалыматыңызды өчүрүү. Тиркемеде Профиль экранындагы «Профилди өчүрүү» баскычы аркылуу өзүңүз өчүрө аласыз. Же төмөндөгү почтага «Профилимди өчүрүңүз» деп жазып, колдонуучу номериңизди (№) көрсөтүңүз: суроону алгандан кийин 30 күндүн ичинде өчүрөбүз.

Профиль өчкөндө өчөт: профиль маалыматыңыз (аты, жашы, жынысы, жери, тексттери ж.б.), сүрөтүңүз, өзүңүздүн чаттар тизмеңиз, чалуулар тарыхыңыз, сурамдарыңыз, эскертме токениңиз жана техникалык аккаунтуңуз.

Профиль өчкөндө калат: сиз менен кабыл алынган чаты болгон колдонуучунун тарабында сиз жөнөткөн кабарлар (текст жана үн кабарлар), жетти/окулду белгилери, чаттар тизмесиндеги чат карточкасы, акыркы көрүнгөн убактыңыз жана анын чалуулар тарыхындагы атыңыз сакталат. Ал колдонуучу чатты «эки тараптан» өчүрсө, кабарлар толугу менен өчөт. Коопсуздук максатында (бөгөттөр, даттануулар, эскертүүлөр) кээ бир жазуулар калышы мүмкүн.

Профиль өчкөндөн кийин колдонуучу номери (№) жана телефондун хэши өзүнчө сакталып калат, ошондо профилди кайра түзгөндө номериңиз өзгөрбөйт. Аларды өчүрүү үчүн почтага номериңизди көрсөтүп жазыңыз.

Профилди өчүрүү баракчасы

6. Сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүз

7. Тиркеме суроо турган уруксаттар

8. Балдар

Тиркеме 18 жаштан өткөн адамдар үчүн. Биз 18 жашка чыга элек адамдардан билип туруп маалымат чогултпайбыз. Мындай профиль табылса, аны өчүрөбүз.

9. Коопсуздук

Маалымат шифрленген (HTTPS) байланыш аркылуу берилет. Интернетте эч бир ыкма 100% коопсуз эмес, ошондуктан толук коопсуздукту кепилдей албайбыз.

10. Өзгөртүүлөр

Саясат өзгөрсө, бул барактагы жаңыртуу датасы да өзгөрөт.

11. Байланыш

Суроолор жана маалыматты өчүрүү өтүнмөлөрү үчүн: